Эскертүү! 21-22-июлда өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 21-июлдан 22-июлга чейинки туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.