Бишкекте 14-июнда саат 16:00дөн 23:00гө чейин Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын футбол боюнча Азия Кубогунун тандоо оюндарына байланыштуу айрым көчөлөр жабылат.
Алар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр:
Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү карай — Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейин;
Фрунзе көчөсү — Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.
Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана Патрулдук милиция кызматы камсыздайт.