Эскертүү! Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМ буга чейин сел жүргөн аймактарды атап, ушундай эле кырдаал жакынкы күндөрү өлкө аймагында күтүлүп жатканын билдиришти. «Гидрометеорологиялык кызматтын билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында 13-майында күндүз жана 14-15-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүп жатат. Катуу жааган жаан-чачындан улам дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күтүлүүдө. Кооптуулуктуктун алдын алуу максатында райондордо, айылдарда сел агуучу каналдарды жана арыктарды тазалоо иштерин улантуу зарыл. Селдин алдын алуу үчүн жергиликтүү бийлик жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл», — деп айтылат маалыматта.