Эски административдик имараттарды бузуп ордуна жаңысын салуу пландалууда

Бишкектин чок ортосундагы эски административдик имараттарды бузуп ордуна жаңысын салуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Азырынча төрт объектини түрттүрүү пландалып жатат. Жаңы имараттар курулуш компанияларынын эсебинен салынып, 30 жылга чейин алардын колдонуусуна берилет. Бул мөөнөт аяктаган соң имарат мамлекеттин балансына өтөт. Авариялык абалдагы имараттар Раззаков 17, Раззаков 43, Гоголь 94 жана Бөкөнбаев 182 даректеринде жайгашкан.