Башкы прокуратуранын эски имараты бузулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Учурда Бишкек мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталган. «Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган», — деп айтылат маалыматта.
Киев көчөсүндө жайгашкан Башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыяланган.