Эттин чекене баасы бир жылдын ичинде дээрлик 36 пайызга жогорулады

Үстүбүздөгү жылдын 14-июлуна карата уйдун этине болгон баалар республика боюнча 1 килограмм үчүн орточо 464,76 сомду түздү жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 108 сомго же дээрлик 30,3 пайызга өскөн. Ал эми койдун этинин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша 488,47 сомду түздү же өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 41,1 пайызга өскөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, уйдун этине максималдуу чекене баалар Жалал-Абад (бир килограмм үчүн 496,23 сом), Нарын (484,64 сом), Ош (482,03 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Покровка айылында (425,93 сом), Баткен (433,27 сом) жана Исфана (434,97)  шаарларында катталды.

Койдун этинин чекене баалары Кара-Суу (527,98 сом), Жалал-Абад (525,98 сом) жана Ош (509,44 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Покровка айылында (422,98 сом), ошондой эле Кара-Балта (447,65 сом) жана Каракол (448,49 сом) шаарларында байкалган.

«Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу  уйдун этине болгон баалардын олуттуу өсүшү Жалал-Абад, Ноокат жана  Өзгөн шаарларында катталды.  Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү  Кара-Суу, Жалал-Абад жана Токмок шаарларында катталды»,- деп айтылат маалыматта.