Эвакуаторлор бүгүн «Дордойго» барышты. Унааңызды таппай калсаңыз, 2350 сом айып төлөйсүз

Борбор калаанын төрт районунда тең мэрдин орун басары Максатбек Сазыкуловдун жетекчилиги алдында тыгындарды жоюу боюнча рейд уланууда, анын себептеринин бири унаалардын туура эмес токтотулушу болуп саналат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Иш-чарага борбор калаадагы ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлдөрү жана жарандык активисттер катышууда. Күнүгө 8 эвакуатор чыгат, 50дөн ашык унаа убактылуу кармоочу жайда турат.

Бүгүнкү күндө рейд «Дордой» базарынын жанында жүрүп, анда бардык стихиялуу унаа токтотуучу жайлар жоюлган. Бул багыттагы иштер үзгүлтүксүз улантылып, акырындык менен борбордук көчөлөрдө бардык башаламан унаа токтотуучу жайлар жоюлат. Алынган унаалардын ээлери эвакуатордун кызматына 1250 сом, унаа токтотуучу жайга 100 сом, административдик айыпка 1000 сом төлөшү керек.