Эверест чокусун кыргыз альпинисти багындырды

Кыргызстандык Эдуард Кубатов Жердин эң бийик чокусу болгон Эверестти багындырды. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Александр Абрамов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Эверест-1″ командасы бийиктикке чыкты. Азыр кайра түшүп баштайбыз. Аба-ырайы жакшы. Өтө катуу эмес шамал согуп жатат. Балким, арабызда рекорд чыгар, команданын курамында биринчи израилдик жана биринчи кыргыз чокуну багындырды», — деп жазган ал.

Непал менен Кытайдын чектеш жеринде орун алган Эвересттин деңиз деңгээлинен 8 миң 849 метр бийиктикте жайгашкан. Буга чейин аны 5 миңден ашуун адам багындырган, бул опурталдуу иште каза тапкандар да көп. Кыргыз өлкөсүнүн атынан биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чокуга чыккан. Ал эми Эдуард Кубатов экинчи адам болуп калды.