«Эверестке тик учак менен барса болорун билбептирмин». Рысгүл Акимжанова сындарга жооп берди

Социалдык тармактарга Эверест чокусун багынткан жеке ишкер Рысгүл Акимжанованын 6500 метр бийиктикке чейин тик учак менен учуп чыкканы тууралуу маалыматтар тарады.

«6500 метрди учуп чыккан соң, Акимжанова 2300 метр эле бийиктикти багындырган болот. Кайра түшө албай, алы кетип, аны италиялык альпинист, учкуч тик учак менен 6500 метрден ылдый куткарып түшүптүр»,- деп жазылган маалыматта.

Бул боюнча Акимжанова социалдык тармактагы баракчасында жооп берди. «Тик учак менен Эверестке учуп барып келсе болорун билбептирмин. Билсем ошондой кылмакмын. Тик учак менен чокуга жетээрин непалдыктар да билишкен эмес экен, болбосо өлгөн кишилердин өлүгүн жайнатпай, жыйнап түшүшмөк экен», — деп жазды ал.