Евразиялык олимпиадада кыргызстандык окуучулар байгелүү орундарга ээ болушту

11-12-декабрда Алматыда информатика боюнча XV Евразиялык олимпиада өттү, анда Кыргызстандын окуучуларынан турган бир команда – алтын, эки команда – күмүш, үч команда коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен маалымдашты.

Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучулары Эмил Талыпов, Адил Канатбеков, Ян Бобрус курамына кирген команда алтын байгеге ээ болду. Курамына Исхак Тажибаев, Алихан Айдарбеков, Тенгиз Джамалов кирген курама команда күмүш байгеге ээ болду. Ошондой эле күмүш байгени Абдулазиз Лебиев, Кутбол Алманов, Санжар Садирбеков сыяктуу окуучулардан турган курама команда жеңип алган.

Ал эми коло медалга Кыргызстандын мектептеринен барган үч команда ээ болду, атап айтканда:

Байтөрө Майрамбеков, Айпери Акжолтоева, Канимет Бусурманкулов кирген курама команда;
Назар Шаршеналиев, Максат Темирбеков, Адилет Байышов кирген курама команда;
Ош Сема лицейинин окуучулары Байыш Минбаев, Али Арапов, Абдуллахан Абдирасулов.

Ошол эле учурда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» мектебинин «Gasprom_team» командасы информатика боюнча XV Евразиялык олимпиадада III даражадагы дипломго ээ болду.