Евробиримдик Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 100 миң евролук материалдардын топтомун берди

Бүгүн, 11-мартта Европа Биримдиги Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине COVID-19 илдетине каршы иш-аракетин колдоо иретинде жалпы суммасы 100 миң еврого бааланган материалдарды өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, материалдар диагностикалык жана сыноолорду жүргүзүү үчүн тесттик топтомдорду камтып, 8 миң ПЧР-тест жасоого жетиштүү.

Берилген материалдар Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана жан аябас кыргыз дарыгерлерине, адамдарды COVID-19дан сактоо милдетин аткарууга жардам берет. Пандемия баарыбызга терең таасирин тийгизди, бирок биз анын алып келген бардык кыйынчылыктарын жана кесепеттерин бирге жеңе алабыз. ЕБ кыргыз эли үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет жана биз Кыргызстанды COVID-19 илдетине каршы күрөштө колдоону уланта беребиз”,- деп билдирди тапшыруу аземинде элчи Эдуард Ауэр.

Эске салсак, буга чейин Европа Биримдиги COVID-19 пандемиясына жооп иретинде Кыргызстанды колдоо үчүн 43 миллион евродон ашык каражат менен мобилизацияланган.