Евробиримдик Тажикстан менен Кыргызстанды чек ара маселесин тез арада чечүүгө үндөдү

Евробиримдиктин жогорку даражалуу делегациясы Дүйшөмбүдөгү иш сапарында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара талаштарын талкуулады. Бул тууралуу Европа дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында билдиргенин Интерфакс жазды. 

«Биз Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара талаштарын талкууладык. Албетте, бул маселени талкуулоодо эки өлкөнүн мамилеси, демаркация жана делимитация маселелери биздин көңүл борборунда болду. Биз эки өлкөнүн мүмкүн болушунча тезирээк бул маселеге натыйжалуу чечим табышын каалайбыз», — деди ал. 

Жозеп Боррель Дүйшөмбүгө расмий сапар менен жана Борбор Азия мамлекеттеринин жана Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин 17-жыйынына катышуу үчүн барган.