«Оор жүк ташуучу айдоочулар үчүн жакшы жаңылык менен бөлүшөбүз. Европалык айдоочулук сертификатын (Code 95) алуу боюнча окуу эми Кыргызстанда ишке ашырылат». Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
«Президентибиздин койгон тапшырмасына ылайык Европа тарап менен сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы ийгиликтүү жыйынтыкталып, анын негизинде Кыргызстанда европалык кесиптик айдоочунун сертификатын — Code 95 алуу боюнча окуу программасын ишке киргизүү тууралуу макулдашууга жетишилди.
Окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. Бул эң негизгиси биздин жарандарга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө барбастан эле, ортомчусуз, керектүү квалификацияны алууга мүмкүнчүлүк түзүп, убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартат. Бизге жеткен маалыматка ылайык, Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө дагы Code 95 алууда да ортомчулар пайда болуп, чыгымдар 3000 еврого чейин чыгып жатыптыр. Мындан тышкары, аталган компания тарабынан жарандарды Европа өлкөлөрүнө ишке орноштуруу иштери да жүргүзүлөт. Мисалы, европалык компаниянын маалыматына ылайык, бир гана Германияга быйыл 500 миң оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары талап кылынат.
Code 95 сертификаты — Европа Биримдигинде жүк жана жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочулар үчүн милдеттүү талап.
• Бул сертификатка ээ болгон жарандар Европа Биримдигинин аймагында расмий түрдө иштей алышат
• Окутуу эки форматта жүргүзүлөт:
— 1 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрына чейин CE категориясын алган айдоочулар үчүн
Бул курс болжол менен 35 сааттык теориялык окутууну камтыйт. Мындан тышкары, ушуга жакын көлөмдө практикалык сабактар да болот
— 3 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрынан кийин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.
Кыргызстанда окуудан өткөндөн кийин, айдоочулар Европага барганда кошумча экзамендерсиз жана кошумча окутуусуз эле Code 95 сертификатын ала алышат. Code 95 сертификаты улуттук айдоочулук күбөлүк менен бирге көрсөтүлгөндө жарактуу болот.
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын жарандарынын эл аралык эмгек рыногунда ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана айдоочулардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Окутуунун башталышы жана катталуу шарттары боюнча кошумча маалымат берилет. Окуу ушул жылдын июнь–июль айларынан тартып башталмакчы».