Фейерверк менен коштолот! Ош Жаңы жылды кандай тосот?

Ош шаарында эртең, 31-декабрь күнү борбордук аянтта “Жаңы жыл – 2022” аталышында майрамдык иш-чара өтөт. Жаңы жылдык концерттик программалар күндүзгү саат 12:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин уланат. Бул тууралуу калаанын мэриясынан маалымдашты.

Саат 20:00дөн тарта мэр Алмаз Мамбетов баштаган жетекчилер шаар тургундарын жана конокторун Жаңы жыл менен аянттан куттуктап, ал фейерверк менен коштолот. Саат 20:30дан саат 22:00гө чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган концерт тартууланып, дискотека уюштурулат.