Фейсбук Кыргызстандагы саясий жарнамалардан 3 айда 27,9 миң доллар тапты

Ушул жылдын 21-августунан 18-ноябрына чейин Кыргызстан боюнча Фейсбуктун китепканасында жалпы суммасы 27 миң 917 долларга жеткен саясий жарнама жайгаштырылган. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Үгүттөө жана каржылоо боюнча БШКнын Жумушчу топтору Фейсбуктагы саясий жарнамага мониторинг жасоодо. «Саясий жарнамалардын баары коомдук мааниге ээ, шайлоолорго же саясатка байланышкан маселелер Китепкананын жарнамасына киргизилет, ал www.facebook.com/ads/library/report дареги боюнча жеткиликтүү, мында үстүнкү баракчада Кыргызстан өлкөсүн тандоо керек», — деп айтылат маалыматта.

БШКдан кошумчалашкандай, комиссиянын көзөмөл-текшерүү тобу Фейсбук жана Инстаграмда саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөйт. Комиссия ошондой эле талапкерлерге жана саясий партияларга саясий жарнактарды жайгаштыруу үчүн төлөм тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынан алынышы керектигин эскертти.