Фергана каналына 30 жаштагы киши чөгүп кеткен. Жансыз денеси табыла элек

Кечээ, 8 август күнү саат 18:45де ӨКМге Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн Ленин айылында жайгашкан Фергана каналында 1991-жылы туулган жаран түшүп жатып, чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде ӨКБ №64 бөлүмүнөн 14 куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылып, жеринде издөө ишин улантууда.