Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын кезектеги рейтингинде төрт позицияга көтөрүлүп, 1205 упай менен 210 кураманын ичинен 103-орунду алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
3-апрелде жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы 57-орунга, Тажикстан 104-орунга илинди. Казакстан 113-орунга жазылып, дагы үч тепкичке артка кетти.
Ал эми AFCнын рейтингинде биздин команда 17-орунда турат.