Филармонияда аялдарга арналган концерт өттү. Ага Айгүл Жапарова катышты

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын залында Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Иш-чарага биринчи айым Айгүл Жапарова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев, ошондой эле өлкөгө эмгек сиңирген ишмерлер, борбор калаанын ар кайсы тармагынан келген активист аялдар катышты. Шаар башчысы Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, жалпы айымдарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана алдыга койгон максаттарынын ишке ашышын каалады.