Филиппиндеги Канлаон жанар тоосу жанданды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.
Мындан улам жергиликтүү мектептер убактылуу жабылды. Канлаон өлкөдөгү 24 активдүү вулкандардын бири, тоонун бийиктиги 2435 метрге жетет.
Жанар тоо мурдагы жолу декабрь айында атылып, ага жакын жайгашкан айылдардын тургундары эвакуацияланган.
Филиппиндин вулканология жана сейсмология институтунун жетекчиси жакынкы келечекте коркунучтун деңгээли өзгөрүшү мүмкүн. Ал вулкан же көбөйүп же азайышы мүмкүн деп эсептейт.