Финансы министрлиги: «Кытайдан алынган карызды мөөнөтүнөн мурда төлөө пайдасыз»

Кыргыз өкмөтү менен Кытай Эксимбанкынын ортосунда 2008-2015-жылдары түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарына ылайык, кредит мөөнөтүнөн мурда кайтарылган учурда карыз алуучу тарап кредиторго 1 пайыздык өлчөмдө комиссия төлөп берет. Келишимде графикте көрсөтүлгөн күндөн тартып, акыркы датасына чейин чегерилген каражат толук төлөнүп берилүүсү шарт. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.
«Ушуга байланыштуу кредитти мөөнөтүнөн мурда жабуу бюджетке олуттуу жүк болуп, кошумча чоң чыгымдарды талап кылат. Тактап айтканда, кыргыз тарап үчүн экономикалык жактан Кытай Экспорттук-импорттук банкына тышкы насыяларды мөөнөтүнөн мурда жабуу пайдасыз. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ресурстары жетиштүү жана мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө республикалык бюджетте каражаттар толук көлөмдө каралган. Мамлекеттик карызды тейлөө өз убагында жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев «Эгер Садыр Жапаров кааласа, Кытайдын карызын азыр төлөйт» деген. Кийин Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров бул маалыматты ырастаган болчу.