«Фонограмманы жоюу керек» дейт министр Нуржигит Кадырбеков

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков “фонограмманы токтотуп, жандуу үн менен ырдоо керек” дейт. Бул тууралуу ал жалпыга маалымдоо булактарынын бирине билдирген.

“Фонограмманы токтотуш керек деген талапты коюп жатабыз, акырындык менен ишке ашырабыз го. Жол-жобосун карап жатабыз. Мисалы, бир концертте 2-3 ырды жандуу комуз же гитара менен ырдап бер дегендей кылабыз. Андан кийин фонограмма менен концерт коё турган ырчыларга эмес, ошол мекемени ижарага бергендерге чара көрүш керек. Анткени ырчылар эркин, аларга кандай чара көрөсүң? Мекемелер программасын, репитициясын карап, ошондон кийин гана уруксат бериши керек” деген министр.