«Фонтан сыяктуу атып жатат». Бишкекте жер алдындагы суу түтүгү жарылды

Бишкекте жер алдындагы суу түтүгү жарылды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

«Люктан фонтан сыяктуу аткан суу жол менен унааларды каптап жатат. Окуя Курманжан Даткан менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болду»,— деп жазышты.