«Forbes» журналы Олимпиада оюндары үчүн тигилген эң стилдүү делген 8 форманы жарыялады. Кыргызстан тизмеде жок

Американын белгилүү «Forbes» журналы 2021-жылдагы Олимпиада оюндары үчүн тигилген эң стилдүү делген 8 форманы жарыялады.

Мыктылардын катарына АКШ, Либерия, Орусия, Чехия, Кытай, Түштүк Африка, Япония жана коңшулаш Казакстандын формасы кирген.

13-июлда Улукбек Марипов Кыргызстандын атынан Олимпиада оюндарына барчу спортчулар менен жолуккан. Алар жолугушууга Олимпиадага кийип барчу форма менен барышкан. Спортчулардын формасы коом тарабынан катуу сынга алынган.