Жазаларды аткаруу кызматы Бишкектин «централ» деп аталган тергөө абагындагы бир күн аталышындагы фоторепортаж даярдашты.
Борбор калаанын ортосунда жайгашкан түрмө комплекси 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун кызуу маалында курулган. Расмий түрдө бул Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын карамагында турган №21 атайын мекеме. Режимдик объект Элебаев, Максим Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн Геологиялык тилкеси менен чектешкен жерди ээлейт.
«Мындай калк жыш жайгашкан аймакта кылмышкерлер, анын ичинде террористтер, киши өлтүргүчтөр жана зордукчулар, каракчылар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө толуп турган атайын жайдын болушу кооптуу экенин моюнга алышыбыз керек. 80 жыл мурда курулган, эскилиги жеткен имаратта мыйзам бузуучулар менен жарандардын коңшулугу коркунучтуу туюлушу мүмкүн. Ошондуктан жакында эле Министрлер кабинети көптөн күткөн, заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген, жаңы СИЗО куруу боюнча чечим кабыл алды. Ал Бишкектин сыртында болот. Бир күнү бул өзүнүн жаза өтөө милдетин аткарып бүтүп, өз ишин токтотот. Ошондуктан сиздерде, мыйзамды сыйлагандар үчүн бул объекттин кантип жашап жатканын көрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Көзгө көрүнбөгөн, күзөт мунаралардын, тикенек зымдардын жана темир торлордун артына катылган жашоону көрүүгө шарт түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.