Франциянын президенти Эммануэль Макрон ыңгайсыз кырдаалга туш болду. Президенттин учагы Вьетнамга конгондон кийин Макрон жаакка «жеген». Видеодон көргөндөй, соккуну жубайы Брижит Макрон берген.
Франциялык BFM RMC басылмасы видеонун аныктыгын Елисей сарайы тастыктаганын билдирди. Алар тепкичтен түшүп баратканда Макрондун жубайы ага колун сунуудан баш тартканы да белгиленген.
«Президенттин жакын досу жубайлардын ортосундагы анча-мынча чыр-чатак болуп кеткенин айтты» деп жазат француз маалымат каражаттары.