3-октябрдан 6-октябрга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин демилгеси менен Франциянын куткаруу кызматынын учкуч адистери ӨКМдин учкучтарын, тоо куткаруучуларын тик учакты башкарууну окутту. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Учкучтар Франциянын Ички иштер министрлигинин жарандык коопсуздук боюнча тик учак тобунун тоодо куткаруу боюнча башкы учкуч-инструктору Рено Гиермэ, тоо куткаруучулары Ички иштер министрлигинин Өрт коопсуздугу жана Куткаруу кызматынын куткаруучусу, Тоо борборунун инструктор-куткаруучусу Антуан Талье менен машыгышкан. Алар бийик жерге конууга үйрөнүп, 5000 метр бийиктиктеги тоолорго конду. ӨКМдин учкучтары учууну, куткаруучулар татаал тоо шарттарында авиациянын жардамы менен куткаруу иштерине үйрөнүп, ошондой эле тиешелүү сертификаттарга ээ болушкан.