Футбол: Бишкекте олимпиадалык курамалар арасында эл аралык мелдеш өтөт

15-23-июль күндөрү Бишкек шаарында футбол боюнча олипиадалык курамалар арасында (U-23) эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирге Кыргызстандан тышкары Оман, Бахрейн жана Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Достук Арена» (Беш-Күңгөй) футбол клубунун стадионунда өтөт.

Мелдештер атайын оюн-зоок жана концерттик программалары менен коштолот:

Ал эми концерттик бөлүгүнө Султан Садыралиев, Нурайым Акылбекова жана башка коноктор катышат.

Мелдештин жүгүртмөсү:

Белгилей кетсек, мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.