Футбол жылдызы Гүлжигит Алыкулов туулган күнүндө аскерлер менен оюн өткөрдү (сүрөт)

Футбол жылдызы Гүлжигит Алыкулов Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин футбол талаасында оюн өткөрдү. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү аскер кызматкерлеринин ортосунда жолдоштук беттеш болуп, ага спорт чөйрөсүндө таанымал болгон Гүлжигит Алыкулов катышкан.

Казакстандын «Кайрат» футбол клубунун жана Кыргызстандын улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Жаныбекович ДОКтун футбол талаасында беттеш өткөн күнү 22 жашка толду.

«Оюндан кийин департаменттин клубунда Гүлжигит футболдун күйөрмандары, жоокерлер менен жолугуп, алардын бир топ түрдүү суроолоруна жооп берди. Андан соң департаменттин музейинде да болуп, ардактуу коноктордун китебине каалоо тилегин калтырды»,— деп айтылат маалыматта.