Футбол: Кыргызстандын жаштары Түркмөнстанды уткан соң, Ташиевди туулган күнү менен куттукташты (видео)

Кечээ, 27-сентябрь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков стадионунда жаштар арасында 2025-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курамасы Түркмөнстан менен беттеш өткөрдү.

Оюндун биринчи бөлүгү 0:0 эсеби менен аяктады. Ал эми экинчи бөлүктүн алгачкы мүнөттөрүндө Бекназ Алмазбеков пеналтиден гол киргизип, эсеп санын ачты. Мирлан Эшеновдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын курамасы эсебинде 1:0 эсебинде оюнду жыйынтыктады.

Түркмөнстан менен болгон оюндагы жеңиштен кийин жаштар курамасынын оюнчулары Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевди жылуу маанайда өздүк майрамы менен куттукташты. Ташиевге команда оюнчулардын кол тамгалары коюлган топ белек кылышты.