Футбол: Өзбек курамасы Кыргызстанга келди. Аларды калпак, белек менен тосуп алышты

Бүгүн, 8-сентябрь күнү «Манас» эл аралык аэропортунда Өзбекстан курамасын Кыргыз футбол биримдигинин өкүлдөрү тосуп алышты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Коңшулаш мамлекеттин курамасы Бишкекке 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раунду алкагында өтө турган Кыргызстан-Өзбекстан беттешине катышуу үчүн келишти.

Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин мүчөсү Бахадыр Кочкаров жетектеген КФБнын делегациясы Өзбекстан курамасынын оюнчуларына жана машыктыруучу штабынын өкүлдөрүнө ак калпак кийгизип, белектерди тапшырып, сыйлуу тосуп алышты.

Эске салсак, келе жаткан оюн 10-сентябрь күнү саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.