Футбол: Улуттук курама жана Сириянын беттеши тең чыгуу менен аяктады

5-январда Дубайдын «Шабаб Аль-Ахли» стадионунда Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы Сирия курамасы менен контролдук беттеш өткөрдү. Оюн 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Команданын жалгыз голунун автору Айзар Акматов (48’) болду.
Оюн 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүп, расмий эмес жана машыгуучу мүнөзгө ээ болду. Андан сырткары, беттеш тараптардын макулдашуусу боюнча жабык режимде орун алды.

Улуттук курама команда Азия биринчилигине болгон даярдыгынын алкагында кийинки беттешин Вьетнам курама командасы менен 9-январда Катарда өткөрөт.