Галина Байтерек жол эрежесин бузгандыгы үчүн бардык айыптарды төлөдү

Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөдү. Муну «Карчек» системасынан көрүүгө болот. 

Маалыматка караганда, ал жалпы 8 миң сомду түзгөн 6 айыпты төлөгөн. Буга чейин социалдык түйүндөрдө ээси жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөбөгөн BMW X6 үлгүсүндөгү кымбат баалуу унаанын сүрөтү жарыяланган. Колдонуучулар унаа мамлекет башчынын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтерекке таандык экенин билдиришкен.