Галина Байтерек КТРКнын башкы директорунун орун басарына чара көрүүнү өтүндү

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек КТРКнын башкы директорунун орун басары Жылдыз Уракуновага чара көрүүнү өтүндү. Ал телеканалдын Байкоочу кеңешине жиберген өтүнүчүндө жетекчинин этикасына туура келбеген кыял-жоругу боюнча маалымдаган.

Маалыматка караганда, буга 17-мартта «Жерүй» алтын кениндеги ишкананы ишке киргизүү учурунда Галина Байтерек менен Жылдыз Уракунованын ортосунда болгон окуя себеп болгон.

«17-март күнү Талас облусундагы «Жерүй» алтын кенинин ачылыш аземиндеги иш-чараны чагылдыруу үчүн КТРКдан чыгармачыл топтун коштоосунда ПТСке барган эле. Мен ал күнү аземге даярдыктан кабар алуу үчүн ПТСке баргам. Күтүлбөгөн жерден Жылдыз Уракунова мага каршы ачуулуу сөздөрдү жаадырып, сөзгө келбей, жогору кызмат адамынын этикасына туура келбеген өтө одоно, адепсиз кыял-жоругун көрсөттү»,- деп жазылат кайрылууда.

Анын айтымында, бул Жылдыз Уракунованын одоно-оройлугунун биринчи жолкусу эмес.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Жылдызбек Керимбаев билдиргендей, отурумда Галина Байтеректин кайрылуусу каралган.

«Биз Жылдыз Уракунованы чакырып, оюн уктук. Ал Галина Байтеректен кечирим суроого даяр. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү башкы директордун орун басарына ишеним көрсөтпөсө болот, натыйжада аны кызматтан кетиришет, бирок көпчүлүк добуш менен маселени кароо үчүн телеканалдын башкы директоруна өткөрүп берүү чечими кабыл алынды»,- деди ал.