Галина Байтерек Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу эмне үчүн Токиого барбай калганын айтты

Президенттик Администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек журналисттерге Токио Олимпиадасына Кыргызстандын делегациясынын курамы кантип түзүлгөнүн айтып берди.

Анын айтымында, Олимпиада комитети спорттук жана административдик квоталарды берет. 

«Президенттик аппараттын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы катары мен административдик квотанын алкагында бардым. Бир квота экиге бөлүнүп, оюндардын ачылышына президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев катышты. Мен экинчи бөлүгүнө бардым. Мен жогоруда белгилегендей, 2 квота бар: спорттук жана административдик. Бул квоталар оюн эрежелеринде жазылгандай өзүнчө түзүлөт. Биз башка өлкөлөр сыяктуу эле, биздин өлкөнүн атынан келгенбиз жана белгилегим келет, биздин делегациядагы адамдардын саны башкаларга караганда бир топ аз», — деди ал.

«Коронавирустун пандемиясына байланыштуу, Олимпиаданын уюштуруучулары квоталарды кыскартты, спортчулар менен түз иштеген, аларды расмий түрдө машыктырган жана мамлекеттен айлык алган башкы жана улук машыктыруучулар келишти. Мээрим Жуманазарованын атасы — жеке машыктыруучу, аны менен бала кезинен бери иштешет. Мен айткандай, квоталар кыскаргандыктан, жеке машыктыруучулар тизмеде жок болчу. Бүгүн мага дагы ага эч нерсе убада кылынбаганын айтышты. Бирок бул жерде эч ким күнөөлүү эмес”, — деп кошумчалады ал.