Галина Байтеректин кайрылуусун КТРКнын байкоочу кеңешинин айрым мүчөлөрү кысым катары кабыл алышты

КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Нурия Айдабосунова президенттин пресс-катчысы Галина Байтеректин келип түшкөн кайрылуусун сынга алды. Бул тууралуу Айдабосунова жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, мындай даттануу арыздары КТРКнын Коомдук байкоочу кеңешине эч качан келип түшкөн эмес, айрыкча Байтерекке окшогон чоң кызматтагы адамдардан.

«Мен Байкоочу кеңештин катардагы мүчөсү катары Галина Байтеректин айткандарын кысым катары кабыл алдым. Кат расмий түрдө келип түшкөндүктөн, биз аны карашыбыз керек болчу. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы таң калышты, айрымдарынын жиндери да келди. Журналисттин, айрыкча мамлекет башчысынын пресс-катчысынын этикалык көз караштан алганда, кесиптештерине, мындай учурда КТРКнын башкы директорунун орун басарына жана жалпысынан корпорациянын жетекчилигине нааразычылыгы болбогон нерсе. Талас районундагы Галина Байтерек менен Жылдыз Уракунованын ортосунда болгон кырдаалды жеринде эле чечип койсо болмок. Бул кадимки жумушчу кырдаал»,-деп эсептейт Нурия Айдабосунова.

Ошондой эле анын пикиринде, мындай арыздануу Галина Байтерекке кадыр барк бербейт.

«КТРКнын кызматкерлери, коомдук кеңештин мүчөлөрү мамлекет башчынын пресс-катчысынын аракетине таң калышты. Ал өзү ушул каналда иштеген да. Аны тескерисинче бул кызматка келгенден кийин кесиптештерине жардам берет деп ойлогонбу. Бирок пресс-катчы бардык нерсени эл алдында иргеп алууну туура көрдү»,-деп айтты Айдабосунова.

Аны менен катар Нурия Айдабосунова алардан Байтерек чара көрүүнү өтүнгөн КТРКнын башкы директорунун орун басары Жылдыз Уракунованы татыктуу, жоопкерчиликтүү кызматкер катары сыпаттады.

«Мен кеңеште төрт жылдан бери иштейм. Мен Жылдыз Уракунованы жакшы билем. Анын көптөгөн иш тажрыйбасы бар. Бул адам жакшы пикирде, менимче ал татыктуу. КТРКда байкоочу кеңешке сын-пикирлерин айтып, канал бир тараптуу маалымат берип жатат деген сынга кабылган кызматкерлердин саны арбын. Жылдыз Уракунова, тескерисинче, сынды туура кабыл алып, жакшы иштегенге аракет кылат»,- деп сөзүн жыйынтыктады Нурия Айдабосунова.

Эскерте кетсек, 24-мартта президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек КТРКнын башкы директорунун орун басары Жылдыз Уракуновага нааразычылыгын билдирген. Телеканалдын байкоочу кеңешине жолдогон кайрылуусунда ал өзүнө орой мамиле жасаган делген директордун орун басарына чара көрүүнү суранган. Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы өзү азырынча окуя боюнча комментарий бере элек.