Карызы үчүн Гапар Айтиев атындагы музейде электр энергиясы өчүрүлөт

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин электр энергиясы акы төлөбөгөнү үчүн өчүрүлгөнү турат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо маселелери боюнча медиаэксперт Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн музейге «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкери келип, жарыкты өчүрүүгө аргасыз экенин билдирген.

«Музейге капиталдык ремонт жасалбай, маал-маалы менен жаан өтүп жатканы аз келгенсип, эми «Түндүкэлектр» ишканасы 103 миң сом карызы үчүн электр энергиясын өчүрүп коёрун айтып коркутуп жатат. Бул жүздөгөн баалуу картиналардан жана экспонаттардан турган маданий мурастарды сактоонун коопсуздугу, байкоочу камералар, атайын температуралык жана желдетүүчү режимди сактоо, дегеле музей жылытуусу жана жарыгы жок кантип иштейт?» — деп суроо салат Елена Баялинова.

Мындай кырдаалга байланыштуу музей жетекчилиги кечээ «Түндүкэлектр» ишканасына карызынын 30 миң сомун төлөп турган. Карыздын калганын 15-апрелге чейин күтө туруу өтүнүчү жолдонгон.

«Бирок бул мекемеде дудуктар менен дүлөйлөр калыптыр. Бардык маселе Финансы министрлигинин бюджеттин корголгон статьялары боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгында жана коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн керектүү каражаттарды өз убагында бөлбөгөндүгүндө болуп жатпайбы», — дейт медиа эксперт.