«Генералдыкка жетем». Баткендик лейтенант Эрдогандын колунан диплом алды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулуна окуусун ийгиликтүү аяктаганы тууралуу диплом менен сертификат тапшырды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Түркиянын ИИМинин Анкара шаарындагы Полиция академиясынын базасындагы полициянын жетекчилерин даярдоо борборунда магистратура программасында Кыргызстандын атынан барган милиция кызматкери милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу билим алып жаткан.

2021-2022-окуу жылдында ‘‘Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүндө билим алуу менен бирге “Жетекчилчилерди баштапкы окутуу жана даярдоо” курсунда үлгүлүү жүрүм-туруму, өзүнүн окуудагы жетишкендиктери жана эл аралык аренада өз жөндөмдүүлүгүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн Анкара шаарындагы президенттик резиденцияда 1-ноябрда бүтүрүү аземинде Түркиянын президенти окуусун ийгиликтүү аяктагыны тууралуу диплом менен сертификатты тапшырды. Аталган иш-чарага Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу да катышты.

Милициянын лейтенанты Адилет Акынали уулу 1999-жылы Баткен районунда туулган. Буга чейин Баткен РИИБде балдар менен иштөө боюнча инспектор кызматында иштеп келген. «Кесиптешибиздин Кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана аброюн жогорку деңгээлге көтөрүп, мекенибизге кызмат кылуу менен генерал наамына жетем деген аруу тилеги бар», — деп айтылат маалыматта.