«Генератор иштебей калган». Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап каза болгонун айтышты

Кычкылтек аппаратына туташтырылган бейтап генератор иштебегендиктен каза болгон. Мындай маалыматты кечээ, 30-сентябрда Twitter соцтармагына колдонуучу жазып чыкты. 

«Апама кесиптеши каза болгонун жазышты. Ал кычкылтек аппаратына туташтырылган эле, жарык өчкөндө генератор иштебей, бейтапка аба жетпей калган», — деп жазды ал. 

Ал эми Улуттук энергетикалык холдинг билдирген маалымат боюнча, биринчи категориядагы бардык объекттер — ооруканалар жана дары-дармектер сакталган имараттарда электр жарыгы өчүрүлбөйт. Авариялык учурда кошумча булактар болушу керек. Бул медициналык мекеменин администрациясынын жоопкерчилиги экенин билдиришти.