Гепарин, ремдесивир, тесттер… Ташкент Бишкекке гуманитардык жүк жөнөттү

Кыргыз мамлекети жана Өзбекстандын президенттери ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Гуманитардык жүктү кабыл алуу аземине вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзбекстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Хуршид Мирзахидов катышты. Анда Сурабалдиева өзбек тарапка COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча чаралардын алкагында көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Медициналык жүктө төмөндөгүлөр бар:
бир жолку кол каптар – 100 миң даана;
бир жолку коргоочу комбинезондор – 10 миң даана;
коргоочу көз айнектер – 2 миң даана;
бир жолку бет каптар – 100 миң даана;
«Гепарин» 5 миллилитр – 1 миң куту;
«Ремдесевир» – 5 миң упаковка;
COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн медициналык топтом – 10 миң даана;
COVID-19 вирусун аныктоо үчүн тест – 10 миң даана;
натрий хлор 100 миллилитр – 4 миң даана;
бир жолку шприцтер – 60 миң даана;
тамчылатуучу тутумдар – 20 миң даана.