Германия Кыргыз өлкөсүнүн карызын кечүүгө даяр. Бирок бир шарты бар

Германия Кыргыз өлкөсүнүн 14 миллион 900 миң евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Бирок ал акчаны Кыргыз мамлекети ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болгон.

“Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду. Эми биз Германия койгон шартты аткарып, каражатты Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшайбыз”, — деди Татиков.