Германия Кыргызстанга 110 миң доза вакцина жиберет

Кечээ, 20-августта Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Габриэла Геллилди кабыл алды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун башында министр Казакбаев Габриэла Геллилди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Мындан тышкары алдыдагы эки тараптуу иш-чараларга байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында Бишкекте француз-герман маданият институтун ачуу маселеси өзүнчө талкууланды.

Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Габриэла Геллил эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Германия өкмөтүнүн COVAX механизми аркылуу Кыргызстанга 110 000 доза вакцинаны бөлүп берүү чечими тууралуу маалымдады. Логистикалык маселелер кошумча талкууланат.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 2021-жылдын 30 жана 31-августуна пландаштырылган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.