Гилас 70 сом, жаңы пияз 25 сом, жаңы картошка 50 сом… Мындай баа кайсы жакта болуп жатат?

Гилас 70-80 сом, жаңы пияз 25 сом, жаңы картошка 50 сом, коон 200-250 сом. Мындай баа Баткен облусунун Кулунду айылындагы бүгүнкү базарда болуп жатат. Бул тууралуу Буурайма Худайбердиева аттуу Фейсбук колдонуучусу жарыялады. Анын айтымында, жогорудагы мөмө-жемиш жана жашылчаларды аталган айылдын дыйкандары өстүргөн.