Гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Акын Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Эмгек жолун 1963-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган.

Музыкасын композиторлор Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов, сөзүн акындар Жалил Садыков жана Шабданбек Кулуев жазган мамлекеттик гимн 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган.

Шабданбек Кулуевдин дүйнө салганына байланыштуу SUPER TV`нын эмгек жамааты анын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.