Гимндин жаңы редакциядагы текстине ылайык музыка жазууга сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги гимндин текстин жана музыкасын жаңылоого арналган ведомстволор аралык комиссиянын төртүнчү отурумун өткөрдү.
16-июндан 17-июлга чейин келип түшкөн 132 сунуш арасынан беш текст тандалып алынды. Сынактын экинчи этабында — ушул беш текстке ылайык, композиторлор, музыканттар жана ырчылар өз музыкалык варианттарын сунушташы керек. Сынак 8-сентябрга чейин уланат.
Сунуштар Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 8 дареги боюнча Маданият министрлигине жөнөтүлүшү керек.
Комиссия мыкты деп табылган үч музыкалык-тексттик вариантты Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.