Глобалдык фонд кургак учук жана ВИЧ менен ооругандарды дарылоону каржылоодон баш тартканы маалым болду

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддон эч кандай каражат бөлүнбөйт. Бул тууралуу «Партнерская сеть» ассоциациясынын аткаруучу директору Айбар Султангазиев соцтармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, бул Женевадагы Глобалдык фонддо 2024-2026-жылдарга өлкө өтүнүчүнүн чоо-жайын талкуулаган жыйында Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн болбогондугу менен байланыштуу.

«Фонддун аймактык менеджери Димитра Латичевски өлкөгө каражат болбой турганын билдирди. Буга чейин өлкөнү каржылоо 27,8 миллион долларга бекитилген. Дарыларга туруктуу кургак учук, балдар арасындагы ВИЧ инфекциясын дарылоо үчүн дээрлик бардык дары-дармектер жана диагностикалар Глобалдык фонддон каржыланган”, — деп белгиледи Айбар Султангазиев.