Соң-Көлдө голландиялык турист сүйүктүүсүнүн колун сурады

Голландиядан келген турист Соң-Көлдүн жанында сүйүктүүсүнө үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген. Бул тууралуу Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Сергей Глуховеров Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Уиллем менен Кейли бүткүл Кыргызстанды көрүү үчүн тур алышкан. Nomad’s Dream боз үй шаарчасына барган жигит боз үйлөрдүн арасындагы эң кооз жерди тандап, сүйүктүүсүнүн колун сураган. Сунуш абдан маанилүү, өмүр бою эсте кала турган, балдарына айтып бере турган окуя. Сиздерге бакыт жана узун өмүр каалайбыз», — деп жазган Сергей Глуховеров.