«Головной» аймагына Тажик тарап видео көзөмөл орноттубу? Расмий жооп

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагына видео көзөмөл коюлган эмес жана коюлбайт дагы. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө суу бөлүштүрүү аймагында жана жолдордо эч кандай видео көзөмөлдөөчү каражаттар жок.

«Кыргызстан тарап аталган аймактагы постту оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда өз аймагына видео көзөмөлдөө каражаттарын койгон, Тажикстан тараптан да оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүлүп, 28-29-апрель күндөрү талкаланган видео көзөмөлдөөчү каражаттарын кайрадан орнотушкан. Негизги максаты чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында коомдук абал тынч. Күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Тажикстандын «Озоди» радиосу Тажикстан кайрадан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагына көзөмөлдөөчү камераларды орнотконун, бул маалыматты Исфара бийлиги тастыктаганын жазып чыккан эле.