«Головной» аймагына Тажикстан көзөмөлдөөчү камераларын орнотту

Тажикстан кайрадан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагына көзөмөлдөөчү камераларды орнотту. Бул тууралуу Озоди радиосу жазды.

Озодинин берген маалыматына караганда, бул маалыматты Исфара шаарынын бийлиги тастыктаган. 

19-июлда Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода бул жолу видео байкоочу камералар электр мамычасына эмес, «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунан 10 метр алыстыктагы бакка орнотулгандыгын билдирди.

“Көзөмөлдөөчү камералар эмне үчүн керек? Суунун бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө жана суунун деңгээлин өлчөө үчүн. Камералар өлкөлөр ортосундагы чек араны такыр аныктабайт. «Головной» суу алгычына келсек, тараптар кол коюлган келишимге ылайык милдеттенмелерин так аткарышат”, — деп белгиледи Исфара башчысы.