«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында атылган октон 25тен ашуун жай тургун өлтүрүлгөн

«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында атылган октон 25тен ашуун жай тургун өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган министрлик чек ара жаңжалы боюнча 11 кылмыш иши ачылганын маалымдады. Козголгон кылмыш иштеринин арасында «киши өлтүрүү» беренеси да бар. Анын ичинде куралдан атуунун кесепетинен Лейлек районундагы 12 жаштагы кыздын өлүмү, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» тилкесинде минометтен атылган октон 25тен ашык жергиликтүү тургундун массалык түрдө өлтүрүлүшү иликтенип жатат. Соңку факты боюнча саны такталып жатканы да маалымдалды.