Греция Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экенин билдирди

Кечээ, 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Европа Биримдиги-Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумунун алкагында министр Руслан Казакбаев Греция Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар алдыда боло турган эки тараптуу иш-чараларды, анын ичинде 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелеринин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү, саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү, ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашкан.

Министрдин орун басары Костас Фрагогианнис грек тараптын саясий жана экономикалык чөйрөлөрдө мамилелерди активдештирүүгө, жашыл экономиканы, туризмди, сооданы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Инвестициялык кызматташуу жаатында «Enterprise Greece» уюму аркылуу өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле грек бизнес делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгы белгиленди. Грек тарап акысыз негизде COVID-19га каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди.